Анотация: | Адамдар өздөрүн курчап турган жаратылыштын бири болгондуктан анын калкалоосунда жашап, жаратылыш байлыктарынан пайдаланып, андан ыракаттанып, белгилүү шарттарда запкы да жеп, аны менен эриш-аркак жашап келет. Адам баласы пайда болгондон бери эле обьективдүү дүйнө менен алакада болуп, жаратылыштын тиги же бул кубулуштарына, көрүнүштөрүнө байкоо жүргүзүп, аларды ар бир этнос өз тилинде атап отурган. Адам баласын курчап турган реалдуу чындык, жаратылыш кубулуштары, ж.б. адам аң-сезимине таасир этүү менен бирге таанып=билүүгө, ар кандай иш-аракеттерди жасоого түртөт. Кыргыз тилинде жаратылыш кубулуштарына байланыштуу сөздөр тилибиздин лексикасынын илгерки катмарларынын бири деп атоого укуктуубуз. Анын атоолору бардык түрк тилдеринин лексикаларынын да байыркы катмарына кирет деп болжоого болот. Булар бүгүнкү күндө да биздин жашоо турмушубузда кеңири колдонулат. |