Анотация: | Илимий иликтөөгө алынып жаткан маселенин актуалдуулугу көптөгөн объективдүү жана субъективдүү себептер менен шартталат: алардын эң орчундууларынын бири катары, азыркы учурдагы коомчулукта болуп жаткан жогорку деңгээлдеги конфликттүү коомдук процесстерди айтууга болот. Өзгөчө дүйнөлүк масштабда жүрүп жаткан ааламдашуунун таасиринин негизинде коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүнүн болуп көрбөгөндөй динамикалуу өзгөрүүлөрү изилдөөнүн өзөгүн түзөт. Бул өзгөрүштөр социалдык конфликттердин пайда болуусунун же болбосо жаңы курч мүнөзгө өтүүсүнүн негизги себеби болуп саналып, таасирин тийгизбей койбойт. |