Анотация: | Таанып – билҥҥнҥн орчундуу бир бөлҥгҥн көркөм таанып – билҥҥ тҥзөт, ал эми көркөм таанып–билҥҥнҥ көркөм адабиятсыз элестетҥҥгө таптакыр мҥмкҥн эмес. Демек, мындагы башкы нерсе – бул көркөм чыгарманы канткенде толук, терең таанып – билсе болот, мунун жолдору, каражаттары барбы деген суроо болууга тийиш. Мындай жол, каражаттардын бири көркөм чыгарманын тилин иликтөө, окуп ҥйрөнҥҥ экендигин турмуш эчак эле далилдеп көрсөткөн, ошондуктан кыргыз тил таануусунда да бул илимдин калыптана башташы менен көркөм чыгарманын тили, көркөм текст Ж. Мамытов, С. Өмҥралиева, С. Мусаев, Т. Маразыков, А. Жалилов, Т. Аширбаев, А. Оморов өңдҥҥ илимпоздор тарабынан лингвистикалык жана лингвостилистикалык багытта изилденип келген. |