Ключевые слова: | Кыргыз Республика, теория, методология, практика, экономикалык негиздери |
Анотация: | Айыл чарбасынын эң маанилүү маселелеринин бири сугат жерлери жана аларды натыйжалуу пайдалануу болуп эсептелет. Бул маселе эзелтен эле өтө маанилүү болуп келген. Бирок анын актуалдуулугу СССР урап, бардык мурдагы советтик өлкөлөр чарба жүргүзүүнүн жаңы шарттарына, тактап айтканда рыноктук экономикага өткөндөн кийин өзгөчө болду. Рыноктук экономиканын принциптери жана ыкмалары, менчиктин көптөгөн формаларынын пайда болушу, айыл чарбасын жеке менчиктин жолуна өткөрүү сугат жерлеринин көлөмүнө, түзүмүнө, курамына олуттуу таасирин тийгизген. Сугат жерлерин калыптандырууда, алардын учетунда жана башкысы натыйжалуу пайдаланууда көптөгөн кыйынчылыктар пайда болду. Бул маселелер (көйгөйлөр) бардык постсоветтик мамлекеттер үчүн өтө актуалдуу болуп калды, ал эми Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Бул төмөндөгүлөр менен түшүндүрүлөт: рыноктук экономика өтүү менен Кыргызстандын айыл чарбасында түп тамырынан бери өзгөрүүлөр болду: жер көбүн эсе менчик колго өткөрүлдү, ошондуктан бүгүнкү күндө экономиканын агрардык секторунун 90-95% ын дыйкан жана фермердик чарбалар түзүшөт, алар жеке менчиктин принцибинде иш жүргүзүшөт. Ушуга ылайык, сугат жерлерин калыптандыруунун, учетун алуунун жана баалоонун принциби да өзгөрдү, ал эми аларды натыйжалуу пайдаланууну айтпаса да болот. |