Анотация: | Эмгек полипарадигмалык мүнөздөгү изилдөөлөрдүн катарына кирет. Илимий парадигма деп белгилүү бир тармактын ичинде пайда болуп, кол-донгон метод-ыкмасы, концептуалдык системасы, обьектиси жана негизги жоболору менен обочолонгон изилдөө багытын айтууга болот. Биздин изилдөө салттуу тил илимине сүйөнүү менен өз кучагына менталингви-стика, когнитивдик лингвистика, лингвопаремиология, этнолингвистика, лингвосемиотика, лингвокультурология, лингвопрагматика сыяктуу или-мий парадигмалардын идеяларын, принциптерин жана ыкма процедурала-рын алат. Ошондуктан бул иште факты-материалдарды талдоо ком-плекстүү-синтетикалык өңүттө алынат. Эмгектин темасынын актуалдуулугун: - императив түшүнүгү грамматикада бир топ деңгээлде айкындалга-ны менен, түркологияда, анын ичинде кыргыз тил илиминде ушул маселе-ге байланышкан бардык проблемалар толугу менен чечилбегендиги; - бүгүнкү күнгө чейин аталган проблематикага түздөн-түз тиешеси бар бир нече маселелердин: императивдин жалпы аныктамасын берүү, анын когнитивдик-лингвистикалык маңызын ар тараптан сыпаттоо, импе-ративдин пикир алмашуунун ар түркүн чөйрөлөрүндө колдонулушун мүнөздөө, вербалдык жана вербалдык эмес түрдө жашашын тастыктоо ж.б.у.с. бир кыйла проблемалар ачык бойдон калып жүргөндүгү; - императивдик сүйлөм-текст тууралуу да бул изилдөөлөрдө эч нерсе айтылбагандыгы; - башка түрк тилдериндегидей эле, кыргыз тилинде да императивдин жаралуу жолдору, структуралык түрлөрү, функционалдык-семантикалык мүмкүнчүлүктөрү толук ачылбагандыгы, анын сандык жана сапаттык спе-цификасынын аныкталбагандыгы; - императив синтаксисте буйрук сүйлөмдүн чегинде каралган учурда да ар тараптуу сыпаттоого ээ болбогондугу, анын текст түрүндө колдону-лушу да лингвисттердин көз жаздымында калып келгендиги түзөт. |